Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 эне "Баатыр эне" ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 519 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланат.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.