Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Ак-Өргө конушунда 7 миллион сомго курулган жаңы бейтапкана ачылды (фото)

Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда жаңы курулган бейтапкананын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Дарыгерлердин амбулатордук имараты үчүн 0,56 гектар жер бөлүнгөн. Бейтапкана бир кабаттуу, эки корпустан турат. Конуш жашоочулары үчүн кабылдама бөлүмү, кургак учукту дарылоо бөлүмү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, УДИ кабинети жана башка медициналык жардамдарды көрсөтүүчү кабинеттер иштей баштайт.

Долбоордун жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү. Каржылык жагын Кыргыз өлкөсүндөгү Катар кайрымдуулук фонду алган. 15-майда бейтапкананын ачылышы бардык санитардык нормаларды сактоо менен болуп өттү", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, Ак-Өргө - борбор калаадагы эң ири конуштардын бири. Анда 22 миңден ашуун адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ilimbek010996
2020-05-16 09:33:23
Эч ким жебесе бүтөт экен го. 7млн сомго эле больница
+18
marat_1910
2020-05-16 12:45:50
ошо да жебесе кыргызстан эбак гулдомок
+5
nurgaz
2020-05-16 14:03:43
Жеген болсо керек, бирок азыраак жегенда инсап менен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан