Бүгүн, 16-майда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районуна кар жаады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Канымбүбү Обукеева аттуу окурман билдирип, видео жөнөттү.
"Кар бүгүн, 16-майда таңкы саат 06:00дөн баштап жаап баштады. Негизи биздин район тоолуу болгондуктан, жаз, жай мезгилдеринде деле аба ырайы кескин өзгөрүп, кар аралаш жамгыр жааган учурлар болот. Бирок мындай май айындагы кар 1999-жылдан бери жаай элек болчу", - дейт окурман.