Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү май арзандады. Бул тууралуу мунай затын саткан компаниялардын сайттары кабарлайт.
Маалыматка караганда, майдын Аи-92 түрү 0,2-3 сомго, ал эми Аи-95 түрү 0,4-2,2 жана дизель 0,6-3 сомго арзандаган.
Жалпысынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасынын түшүүсү байкалууда. Алсак, январь-апрель айларында өлкө боюнча бензин 2 сом 80 тыйынга же 6,7 пайызга арзандаган, ал эми дизель майдын баасы 4 сом 70 тыйынга же 9,7 пайызга төмөндөгөн.