Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Чу дарыясынын кооптуу делген жерлерин көрдү. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин активисттер айрым участкаларда дарыянын агымы өзгөрүп, суу жеп киргендиктен Казакстандын чек арасы кыргыз тарапка жылып жатканын айтып чыгышкан.
"Министр жергиликтүү тургундар жана активисттерге Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери тууралуу түшүндүрмө берди. ӨКМ жергиликтүү бийлик менен биргеликте суу жеп жаткан жерлерди тосуу боюнча долбоордун сметасын даярдаган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Казак чек арасынын айрым жерлери Чу дарыясы менен аныкталган.