Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда зыянкеч саранчаларды жок кылуу аракеттери көрүлүүдө

Баткен облусунда зыянкеч саранчаларды жок кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Баткен облусунун тоолуу аймактарында, талааларда пайда болгон марокко саранчасын жок кылуу аракеттери көрүлүп, эгин талааларды сактап калууга мүмкүн болду. Бүгүнкү күндө облуста 4600 гектар жер аянты дарылоодон өткөрүлдү.

Баткен районунун Ак-Татыр, Кадамжай районунун Майдан, Марказ, Масалиев жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент айыл өкмөттөрүнүн аймагында марокко чегирткеси чыккандыгы жана ыкчам түрдө жок кылуу боюнча Баткен регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү тарабынан атайын техникалар жана адистер тартылып, жок кылуу аракеттери көрүлдү", - деп билдирди мекеме өкүлү.

Учурда адистер дагы башка аймактарда зыянкечтердин пайда болуу коркунучунун алдын алуу боюнча изилдөөлөрүн жүргүзүп, дарылоо иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ruslan-Gaparov
2020-05-17 14:44:58
чевирткеби бул
+2
Nursul
2020-05-17 14:48:25
Ruslan-Gaparov, ооба
0
Belek1710
2020-05-17 15:48:20
Ruslan-Gaparov,Чегиртке
+3
amirrus
2020-05-17 15:12:04
тажик саранчаларды качан жок кыласынар,чек ара жонундо соз жок, биринчи тиги 2 бутту саранчаларды тазалабайсынарбы...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан