Быйылкы жылдын январь-апрель айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 12 миллион 561 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5 миллион 833 миң сом мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө жумшалды. Ал эми 6 миллион 727 миң сом мамлекеттик ички карызды тейлөөгө сарпталды.
2020-жылдын 31-мартына карата мамлекеттин карызынын өлчөмү 4 миллиард 649 миллион 21 миң долларды түзгөн.