Биз социалдык тармакта

Токтогул райондук электр тармактар ишканасы күз-кыш айларына карата камылгаларды көрүүдө

Токтогул райондук электр тармактар ишканасы күз-кыш айларына карата камылгаларды көрүүдө. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунан маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү Токтогул районуна караштуу Кара-Тектир, Терек-Суу жана Толук айылдарында оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлгөн.

"Кара-Тектир айылындагы эскилиги жеткен жыгач мамыларды жаңы бетон мамыларга алмаштырып, чубалгыларды да жаңылашты. Ал эми Толук, Терек-Суу айылдарында утурумдук оңдоолор жүрдү.

Изоляторлорду алмаштыруу, диспетчердик номерлерди жаңылоо, чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо жумуштары аягына чыкты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан