Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Нарын каскадын курууга инвестиция тартуу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев Жогорку Нарын каскадын куруу маселеси чечилбей турганын айтты. "Инвестиция тартуу боюнча бир нече багыттагы жумуштар жүрүп жатат. Акыркы жолу "РусГидро" компаниясынын өкүлдөрү келген. Сүйлөшүүлөр жүрүп, инвестицияны аталган компания менен биргеликте издемей болдук", - дейт Кадырбаев.