Кечээ, 17-майда Энелердин эл аралык күнү белгиленди. Анда Бишкек шаары боюнча жалпы 61 ымыркай төрөлдү деп билдиришти шаардык мэриянын басма сөз кызматынан.Маалым болгондой, борбор калаадагы төрөт үйлөрүндө жарыкка келген ымыркайлардын 29у эркек, 32си кыз. Анын ичинде үч эм (2 кыз, 1 эркек) наристелер дагы бар. Үч эмди 47 жаштагы аял №1 төрөт үйүндө төрөдү.
Бишкек шаардык мэриясы наристелүү болгон ата-энелерди куттуктап, ымыркайларга бекем ден соолук каалайт.