Биз социалдык тармакта

"Былтыр 3 эркек прокурор декреттик өргүүгө чыккан" дейт башкы прокурор

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Урматбек Самаев 2019-жылы канча эркек прокурор кызматкери декреттик өргүүгө чыкканын сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов эркектердин декреттик өргүүгө чыгышына мыйзамда жол бериле турганын эскертти. "Ошон үчүн алар декреттик өргүүгө чыгып жатышат. Аялы төрөп, иштегендиктен баласын карайм деп декреттик өргүүгө чыгышууда. Биз буга тыюу сала албайт экенбиз", - деди Жамшитов.

Депутат: "Ооба, мыйзам жол берет, бирок декреттик өргүүнү эң көп колдонгондор прокуратурада болуп жатат", - дейт.

Башкы прокурор: "Бизде деле көп эмес. 2019-жылы 3 эркек прокурор декреттик өргүүгө чыкты", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurda00
2020-05-18 16:11:29
Кыргыздын эркектери бала бакбай калды го, менимче "декреттин" акчасын жеп коюп бутун асып уйдо жатса керек.
+6
tachkomur
2020-05-18 16:11:38
Эркек башы менен чыгып декретке чыгып аялын иштетип койсо анда соз жок прокурор екен
+4
Arstan18.18
2020-05-18 16:16:55
tachkomur,аялы тороп анан чыгып жатат, бул мыйзам жакшы нерсе эгер элдин баарына бирдей колдонулса, москвада досум кр паспорт мн иштеп аялы торогондо декретный отпуск кылып чыккан айына акча алган 6 айлык кылып анан кайра жумушка чыккан
+7
Mister-X
2020-05-18 21:06:46
Arstan18.18,Эми прокурорлор декретке чыккыдай эмне иш кылмак эле?Бала бакпайт,эмчек эмизбейт.Андан көрө ишке алаксып,элге кызмат кылса болмок.
-1
bond02
2020-05-18 19:24:11
Уят кайда?
+1
juka82
2020-05-19 08:00:35
Эркектерге декреттик дебестен башкача деп жазса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан