Биз социалдык тармакта

Башкы прокурор: "Өкмөттүн жана министрлик аппараттарынын 133 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды"

Өкмөттүн жана министрлик аппараттарынын 133 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

"2019-жылы өкмөттүн айрым ченемдик-укуктук актыларынын мыйзамдуулугу боюнча 10 эскертүү берилген. Жалпысынан өкмөттүн жана министрлик менен мекемелердин аппараттарына 108 акты киргизилип, 133 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды", - дейт ал.

Ошону менен катар эле Өткүрбек Жамшитов өткөн жылы коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук-бузууларды азайтуу, социалдык чөйрөнү жана балдардын укуктарын коргоо, мыйзамдардын сакталышына карата көзөмөлдү камсыз кылуу багытында жигердүү иштер аткарылганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан