24-май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
"Исламда Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу Айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен 2020-жылдын 24-май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди", - деп билдирди мекеме өкүлү.
Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.