Баткен облусундагы жергиликтүү "Салам" радиосун жетектеп келген журналист Улукбү Амирова бүгүн, 18-майда мезгилсиз дүйнө салды. Маалыматты маркумдун кесиптеши тастыктады. Айтымында, Амирова көптөн бери оору менен алышып келген жана анын кан басымы көтөрүлүп кеткен.
Амирова 42 жашта болгон. Ал аталган радио обого чыккандан тартып ошол жакта иштеп келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Улукбү Амированын көз жумганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.