Биз социалдык тармакта

25-май өлкөдө дем алыш күн деп белгиленди

Өлкөдө 25-май, дүйшөмбү күн эс алуу күнү деп белгиленди. Маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Орозо айт майрамы 24-май, жекшемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу күн дүйшөмбүгө жылдырылды. Муну менен 5 күндүк кызматта иштегендер 23-24-25-май күндөрү эс алышат. Ал эми 6 күндүк жумушта иштегендерге 24-25-май күндөрү эс алуу болот", - деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө Орозо айт, Курман айт майрамдары эс алуу күндөрүнө туш келсе, анда бир иш күнү дем алыш күн болуп эсептелет деп кошумчалады министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан