Биз социалдык тармакта

Депутат Тиллаев прокуратура кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча маселесин көтөрдү

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралууда.

Депутат Таабалды Тиллаев прокуратура кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча кандай иштер жүрүп жатканын жана канча пайыз кызматкерлер үй менен камсыздалганын сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул багытта 2018-жылы 110 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. "2018-2019-жылдары Нарынга, Баткенге, Таластын бир районуна, Чаткал районуна үйлөрдү салдык. Бүгүнкү күндө бул боюнча иш жүрүп жатат. Сиздердин колдоо менен акча каражат бөлүнүп берилсе, үй маселелерин чечип койсок болот. 20 пайыз кызматкерлер үй менен камсыз болгон. Алыскы аймактарда иштегендер батирде жашап жатышат", - деди Жамшитов.

Тиллаев биринчи шарт түзүлүп берилиши керектигин кошумчалады. "Айлык маяналарды айтып жатасыз. 5 миң сом, 10 миң сом менен жашаган оңой эмес", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
izdeim_seni
2020-05-19 13:57:06
Мугалимдерге үй курууну качан ойлонуштурасыңар?
+2
nurbek56
2020-05-19 15:55:11
кайсыл жерден кордунор прокурор айлыгын кутуп жашайт деп баары корупционер гоо инвалид жетим жесирлерге конул бурсанар болот эле 3-4 мин пенсия менен кантип жашайт деп эстесенер суйунот элем
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан