Биз социалдык тармакта

Депутат Маматалиев: "Бишкекти кышында кара түтүн каптабаш үчүн азыр иш жүргүзүү керек"

Депутат Марлен Маматалиев Бишкекти кышында кара түтүн каптабаш үчүн азыр иш жүргүзүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңеште кара түтүн маселеси боюнча абанын булганышы тууралуу токтом кабыл алынган. Ошол токтомду аткарсаңыз кара түтүн азаят. Эртең эле кыш келип калат. Кара түтүн каптаганда күрөшпөй, көйгөй менен азыр күрөшүү зарыл. Эртең Бишкекти кара түтүн каптаса, эл нааразы болот", - дейт депутат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов токтом долбоору эске алына турганын айтып, бул маселе боюнча иш үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан