Бишкекте 3 миң адам кызматтык батирге муктаж экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдирди.
Анын айтымында, 3 миң адамдын бардыгы кезекте турат. Бишкекте жалпы 194 кызматтык батир бар экенин кошумчалады. Ал турак жай куруу мэриянын планында жоктугун белгиледи.
Парламент жыйынында кызматтык турак жайда 20 жыл жашагандарга үйдү менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү каралууда.