Биз социалдык тармакта

Баткендин бренд азык-түлүктөрү сатыкка чыкты (сүрөт)

Баткендин бренд продукциялары сатыкка чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Баткен облусунда жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан жасалган, Бажы биримдигинин талаптарына жооп берген, нукура, таза азыктар соода түйүндөрүнөн орун алды. Алар өрүк скрабы, өрүк талканы, килкилдек, шербет, нукура таттуулар, өрүк токочтор, кургатылган өрүк, данектер. Баткендик ишкерлердин бул азыктарды өндүрүү технологиясына JICA уюмунун «Бир айыл - бир продукт» долбоорунун эксперттери жардам берүүдө. Жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, экологиялык жактан таза продуктуларды өндүрүп, Batken Product аталышындагы логотип менен сатыкка чыккан бул азыктар Бишкек шаарында да сатылууда", - деп билдирди мекеменин өкүлү.

Учурда жергиликтүү бийлик, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жаш балдарды экологиялык таза азыктар менен тамактандыруу максатында мектеп, бала бакчаларга сатып алууну пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2020-05-20 16:46:28
Жакшы. Ото кубанычтамын. Алга ,Баткен. Алга,кыргыз олком.
+18
sumaya
2020-05-20 17:10:11
Ии орук курут да баркен,Москвада чогуу иштеген баткендик кыз орук курут берген эле,биринчи жолу жегем,даамы оозумда калган укмуш жаккан болчу...Эми кыргызстанга барганда жейткенбиз да буйруса.Ишинер илгерилей берсин,ийгилик!
+14
Bekish-
2020-05-20 18:12:35
Ошентип экспорттолуп дүйнө жүзүнө тараса экен Кыргыз азык-түлүгү
+14
kyrgyzka7
2020-05-20 22:19:51
Жакшы кабар, иштерине ийгилик, дуйно элине таанылсын
+7
tular
2020-05-21 00:55:45
Эң сонун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан