Биз социалдык тармакта

Сокулукта 18 жаштагы Мадинахон Шарапова 16-майдан бери изделет

Чүй облусунун Сокулук районунда 18 жаштагы Шарапова Мадинахон Ашуралиевна дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголуп жаткан кыз 16-май күнү Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыккан боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көздөрү күрөң.

Кийип жүргөн кийимдери: Көк түстөгү жынсы шым, үстүнө туника, бутуна кара түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү Мадинахон Шарапованы көргөн-билген болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 60-75-67, 0558 86 14 86, 0708 89 13 14.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-05-21 11:35:55
Новопавловка деп жазсанар туура болмок. Новопокровка Ысык-Ата районуна карайт да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан