31-август Эгемендүүлүк майрамына чейин Бишкек шаарында дагы жаңы 7 сейил бак ачылат. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Мирлан Амантуров онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Бишкек шаарынын жашыл шаар атын кайра алып келүү үчүн быйыл 8 сейил бак салуу пландалып, иштер жүрүп жатат. Анын бир сейил багы 11 аянтты ээлеген Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багы ачылды. Мындан сырткары дагы 6 сейил бакта иштер кызуу жүрүп жатат. Бул сейил бактарды 31-август Эгемендүүлүк күнүнө чейин ачып, ишке киргизебиз. Ал эми Ак-Өргө конушуна пландалган бир сейил багын салуу иштери июнь айынын башында башталат", - деди вице-мэр.