Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Аскарова карантин учурунда суицидге барган балдар боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.
"Балдарга карата зомбулук боюнча чоң фактылар катталып жатат. Карантин учуруна бир нече өспүрүмдөрдүн суицидге барган фактысы катталды. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?", - деп сурады депутат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов карантин учурунда балдардын суицидге барган фактысы катталганын айтты. "Алар боюнча тийиштүү материалдар катталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген", - дейт Жамшитов.