Биз социалдык тармакта

Депутат: "Прокуратура кызматкерлери айлык маянасы аз болсо да кымбат унаа айдап жүрүшөт"

Депутат Дастан Бекешев мыйзамсыз байыгандар тууралуу фактылар боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ошол эле прокуратура кызматкерлери айлык маянасынын аздыгына карабай кымбат унаа айдап, хан сарайларда жашап жатышат", - деди ал.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, мурдагы жылдары мыйзамсыз баюу боюнча эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. "2019-жылы болсо 19 кылмыш иши ачылды. Бирок иликтөө ишин ыкчам бүтүрүү мүмкүн эмес экенин да белгилеп кетким келет. Анткени далилдик база керек. Ага ылайык тиешелүү жумуштар жасалууда", - деди Өткүрбек Жамшитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kuban-1207
2020-05-21 13:47:15
Прокурор өзү коррупцинер
+3
Alimbek1000
2020-05-21 14:13:26
Дастан Бекешов да өзүн пиар кылганды жакшы өздөштүргөн
+1
Jaznura
2020-05-21 14:14:15
Ушул депутатты да текшериш керек өзү азиздердин акысын жейт деп угам.
0
Mintip-menu-suybo
2020-05-21 14:32:46
Эй ары жоктор, прокурор, милиция , мугалим, врач, ж.б мамлекеттик кызматтагылар мин жолу жесе да омурундо бир чон особняк анан кымбат машинага жетиши мумкун... А силердикичи... Канча айтып какшашса да укпайсынар... Бироонордо эле канча квартира, базарлар, заводдор, ресторандар, ж.б лар... Тоок уурдагандарды коюп озунорду билгиле... Озунорду текшергиле биринчи...
-3
Aimani
2020-05-21 14:44:55
Айтпадыбы жана. Ата энеси жардам берет. Ошолордун пенсиясына алышат особняк, джиптерди
+5
vikidiki
2020-05-21 16:27:52
Aimani,жардын го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан