Биз социалдык тармакта

Келе жаткан аптага карата аба ырайы. Борбордо күн 32 градуска чейин ысыйт

Кыргыз Республикасынын аймагында 23-майдан 27-майга чейин күтүлгөн аба ырайы.

23-майдан 27-майга чейин Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбордо абанын температурасы 32 градуска чейин күн ысыйт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы боюнча 23-24-майларда жана 25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-май күндүз жана 26-майда Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусунда 23-майдан 27-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

23-майдан 27-майга чейин Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы боюнча жаан-чачын болбойт.

28-29-майларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу боюнча 28-майда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-майда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Supsuluu
2020-05-24 23:33:38
"Бир апта карата" аба ырайы укмуш го...
+2
ZUXRIDDIN20
2020-05-25 01:15:59
Ушул Аллахтын ыссык күндөрүндө вирустар өлүп жоголсо экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан