Милициянын кайгуул кызматы жарандарды велосипед менен жүрүүдө жол эрежесинде жазылган талаптарды аткарууга чакырат:
Бир колу менен эмес, сөзсүз эки колу менен велосипедди башкарууга;
Балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоого;
Велосипед менен кошумча жүк ташыбоого;
Жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүүнү;
Түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонууга.