Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Бишкектеги жаңы ачылган сейил бактагы селкинчектин отургучтарынан тартып таштанды урналарынан бери уурдап кетишти"

Бишкек шаарында жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакка вандалдар кол салды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, белгисиз бейбаш адамдар Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгаларды атайылап жулуп салышкан.
"Тамгалар атайын бир курч курал менен чыгарылган. Алгач биз ага габбро плиталарын колдонууну пландаганбыз, бирок бул таштар менен тамгалар даяр болгонго чейин убактылуу тамгалар коюлуп турган болчу. Тамгаларды чыгарып кеткенден тышкары балдар аянтчасындагы селкинчектин отургучун, жаңы коюлган таштанды урналарды да көтөрүп кетишкен. Ал эми жалаң бөтөлкө салуу үчүн орнотулган таштанды бакка жалпы эле аралашкан таштандылар салынган.
Азыр сейил бакка камералар орнотулду. Алар бир апта ичинде иштей баштайт.

Урматтуу шаардын жашоочулары, жалпы элдин мүлкүн талкалоонун кереги жок. Аны калыбына келтирүүгө жана оңдоого акча каражаты жана адамдын күч, мээнети кетет.

Эгер сиздер да коомдук мүлктөрдү бузуп, тоноп, талкалап жаткандарды көрсөңүздөр милицияга - 102 номуруна кабарлап коюуңуздар", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zheko
2020-05-25 16:43:29
Элчилик , малчылык.
+8
KAYRATBEK
2020-05-25 16:47:53
Орустар Кыргыздар силер койсунар десе дагы чычалайбыз. Биз койдонда томонбуз.
+13
Mylatka..
2020-05-25 16:53:33
жапайы адамдар да бар тобаа
+9
Agayu
2020-05-25 16:54:30
Бийликтегилер элди бараны дейт , элдер бийликтегилерди баран дешет.Ошондо бизде акылдуу чабандар жокпу ??
+2
Aman_90
2020-05-25 16:58:57
Эл онолмоюн эл башчылар онолбойт!Кыргыз элим онололучу!
+18
aiba.8327
2020-05-25 17:00:48
Оздору эле жалдаса керек да ким билет....
-7
muras111211
2020-05-25 17:01:24
Жапайылар.
Көрбөгөндүн көргөнү курусун деген ушул да.
+9
Muslim_KGstana.
2020-05-25 17:14:04
Ушул малдардын айынан анан малга окшош Жогорку жактагылардын айынан биз али бери онукбойбуз.
+9
bekbol2006
2020-05-25 17:19:28
Видеокозомол керек
+10
Aimani
2020-05-25 17:24:29
Кыргыздар чын эле начар калк экенбиз. Онолоорубузга да ишенбей калдым
+12
KaGaH
2020-05-25 18:33:25
Ушунун баары жокчулуктун айынан да,
Кой үстүндө торгой жумурткалаган заман болсо ким уурдасын,өзүңөр куноолусунор чоңдор
-7
bond02
2020-05-25 18:43:07
KaGaH,кой э, азыр жокчулук заман десен туура эмес. Азыр элдер ачкачылыктан эмес семиздиктен жапа чегип жаткан мезгил.
+12
PROS
2020-05-25 21:36:41
KaGaH, жокчулук эмес, Кудайга шүгүр токчулук заманда жашап жатабыз! Алдым-жуттум болуп ач көз болуп кеткенбиз!!! Кызарган жер көрүнсө жула качабыз. Канаат кылуу деген жок болуп баратат. Укум-тукумуна жете турган байлыгы бар адамдар да чет элден келген гум.жардамды без отказ алат, "кой, менде жетерлик оокатым бар, ушуну муктаждар алсын" деш жок!!!
+5
Mintip-menu-suybo
2020-05-25 19:01:12
Жокчулук заман болсо, таштарын жейби не... же селкинчектин отургучунбу?
+5
gulya583
2020-05-25 19:05:21
Жакшынакай буюмду бузуп жарып, арзыбаган акчага сатышатта эми, темирге откозушуп. Жарып байып кетишсе бир жон эми
+2
emirchik
2020-05-25 19:39:56
Скрытый камералар койулуш керек анан Бир эко кармалганын очойтуп штраф салып телевизорго алып чыгып Бир звезда кылып элге корсотуп койсо башкаларда кысып калат
+4
BoDiNur
2020-05-26 14:24:01
emirchik,+++
0
zhigitaly
2020-05-25 19:58:00
Эшегине жараша тушагы дейт эл баш болуп уурдап талкалап тоносо чоңдор карап турабы
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан