Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда өз өмүрүн кыймакчы болуп, көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран милиция тарабынан куткарылды

Жалал-Абадда өз өмүрүн кыймакчы болуп, көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран милиция тарабынан куткарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү Жалал-Абад ОИИБинин милициянын Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери кечки саат 19:00дө Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жатышкан. Болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында такси кызматында иштеген айдоочудан “Сузак районунун Ынтымак айылындагы Көк-Арт дарыясынын кѳпүрѳсүндѳ белгисиз бир жаран ѳз ѳмүрүн кыюу максатында, кѳпүрѳдѳн ѳзүн таштоого аракет жасап жатат” деген маалымат келип түшкөн.

Кызматкерлер айтылган дарекке жетип барышып, өз өмүрүн тобокелге салган жаранды куткарып калышкан. Алдын ала текшерүүдө ал Жалал-Абад шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Э.К. аттуу жаран болгон. Ал мас абалында бул ишке баргандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери куткарылган жаранды үйүнѳ алып барып, үй-бүлѳсүнѳ тапшырышкан.

Ал эми жарандын үй-бүлөсү жана бир туугандары милиция кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалап, ыраазычылыктарын билдиришкен.

Жалал-Абадда өз өмүрүн кыймакчы болгон жаран куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dani
2020-05-26 11:07:17
Тушунбодум ошондо баарын кутуп секирбей турганбы, тооба кылдым
+5
souza.j
2020-05-26 11:13:36
Dani,сен оз жанынды кыюуну ойлонуп кордун беле. Канчалык таттуу экенин билесин.
-3
Dani
2020-05-26 18:05:25
souza.j,мага кереги жок, Сенин башынан откон окшойт
+1
bond02
2020-05-26 11:52:03
Кинодогудай болуптур да.
+1
Belek1710
2020-05-26 12:28:26
Бутуна тура албайт го, таксист барып чакырып келгиче кантип турду экен, мастын акылы тетик болот бирок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан