Биз социалдык тармакта

Быйылкы "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына 1 миң 420 окуучу талапкер болгон

Быйылкы 2019-2020-окуу жылында "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына, башкача айтканда, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга талапкерлердин саны 1 420 окуучуну түзгөн.

Бул тууралуу бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Өкмөт үйүндө маалымат жыйында билдирди. "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү түрдѳ эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат", - деп билдирди ал.

Анын айтымында, өткѳн окуу жылында алгачкы талапкерлердин саны - 1 098, баалоого катышкандардын саны - 1 051, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга укуктуу экенин тастыктагандардын саны - 182 окуучуну түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан