Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, аким өз арызы менен кызматтан бошогон.
"Аким өз арызы менен кызматтан бошогонуна байланыштуу бүгүн районго жаңы дайындалган Жуманалы Накетаевди район активине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов тааныштырды.
Анда облус башчысы Канжарбек Эшалиевге өкмөттүн Ардак грамотасын тапшырды. Анын ордуна район акиминин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев премьер-министрдин буйругу менен бекитилгенин белгилеп, буйрукту тааныштырды", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.