Биз социалдык тармакта

Депутат Жолдошбаев: "Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү үйлөр башка нерселерге колдонулуп жатат"

"Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү үйлөр башка нерселерге колдонулуп жатат" деп бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

"Бишкек шаарында канчалаган мейманканалар бош туруп, үйлөрдүн баарын мейманкана кылып алышкан. "Ош базардын" жанындагы Кулиев көчөсүн өзүнчө базар жасап алышкан. Ал жердеги үйлөр мейманкана эле эмес, башка керексиз нерселерге колдонулуп жатат. Кээ бир жерлерде үйлөрдү башка формада пайдаланып жатышат.

Ленин районунун акими бир канча миллион сомду алып, көчөгө видео көзөмөл жасап жатат. Ал жер үй эмес, батир эмес же сойкукана эмес. Мен ошол райондун депутатымын унаа менен өтүп көп көрөм. Чынын айтканда, ачык эле соода кылып калышкан. Ушуну жоюу керек", - деди Жолдошбаев.

Жолдошбаев депутат Жанар Акаевге: "Кулиев көчөсүндөгү мейманканаларды көрсөңүз, шарттары жок, мен сизге жүрүңүз көрсөтүп келейин. Тиги жакты, бул жакты көрөлү деп айтайын", - деп айтты.

Айрым мыйзам актыларына (Турак жай кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Erik2018
2020-05-26 15:28:18
Кулиева да канчалаган айылдан келген балдардын көзүн ачып кургозорун өстүрдү чиркин
+9
Bars88
2020-05-26 16:02:42
Кулиевадан отуп калсан тааныштарын коруп калса олдунда.Вокзал менен Ош базарды туташтырган кочо канча эл отот жетиче кыз керекпи деп канчасы айтат
+4
rususu
2020-05-26 16:55:27
Кулиева дегенде эркектер эстейбиз ээ биир нерсени
+3
Baatirbek81
2020-05-26 17:01:01
Кирип көргөнда значит шарты жок болсо,
Арзанына карап!
+2
erlan2196
2020-05-26 17:24:00
Депутат ак уйдо дагы башка максатта колдонуп жатат.
+2
katerina.li
2020-05-26 17:55:41
Эми эсине келдиби?? Баягы жашы жете элек кызды кармап сойкулука иштетти деп ызы чуу болгондо бир депутат ун салган жокко.
+3
katerina.li
2020-05-26 17:56:11
Форумдан кулиевага Ким барды эле соз таштагыла.
+2
bond02
2020-05-26 19:33:22
Дыйкан базар да ал жер.
+3
Krai
2020-05-26 22:04:46
Ушул Кулиева көчөсүндө жайгашкан байтал базар жөнүндө көөп видео тартып суперге жөнөттүм эле супер аны тактап тийиштүү мекемелер менен сүйлөшкөндө болду баарын жайгарабыз жайлайбиз деди эле андан бери нечен күн нечен ай өттү эч өзгөрүүсүз калууда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан