Биз социалдык тармакта

Жан кашаят. Сузактагы 150 гектар жер Өзбекстанга өтүп кеттиби? Аким жооп берет

Бүгүн, 26-майда интернет желелерине "Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү 150 гектар жерге казык кагып, өз алдынча басып алды" деп жарандын айтканын чагылдырган видео тарады.

Видеодон жарандын "Кыргыз өлкөсүнүн 150 гектар жерин Өзбекстандын чек арачылары келип казык кагып, тосуп алышты. Алар казык каккан жер Кара-Дарыянын Ак-Мечит участкасында. Кошуна эл бизге тиешелүү жерди алып койду. Мамлекет эч кандай жардам кылган жок, бул жакта аскер кызматкерлери турат. Биздин айыл башчы Латып аке дагы биз менен чогуу. Өзбекстан эч кандай документи жок эле биздин жерди тосуп алышты. Биз тараптан эч кандай кадам болгон жок, аким дагы келбеди" деп айтып, чек ара кайсы жерден бүткөнүн жанындагы адамдан сурап жатканын угууга болот.

Маалыматка ылайык, мурун аталган жерге жүгөрү, беде жана башка өсүмдүктөр, жер-жемиштер эгилчү. Кийин шалы эккенге уруксат берилип, азыркы тапта аталган жер аянтына жергиликтүүлөр шалы эгишмек.

Бул видео тарагандан кийин коомдун көңүлү Жалал-Абад облусуна бурулуп, социалдык тармактын колдонуучулары, жарандык активисттер уу-дуу кепке түшүп, айтылгандардын аныгын билүүнү талап кылып, билдирүүлөрдү жазып жатышат. Ал жазылгандардын ичинен көпчүлүгү өкмөттү жактагандар эмес, жектегендер.

Мындан улам SUPER.KG порталы Сузак районуну акими Эрмек Омошевге маалыматтын чын бышыгын сурап, суроо салды.

- Социалдык тармакка тараган видеодон кабарыңыз болсо керек. Маалыматта айтылган 150 гектар жер кандай жер жана ал жер тилкеси аныгында кимге тиешелүү? Жер бизге таандык болсо, анда жергиликтүүлөр айткандай алар эмнеге уруксатсыз казык кагып киришет?

- Биздин райондун аймагындагы жердин 68 чакырымдай бөлүгү Өзбекстан менен чектешет. Азыркы тапта Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда чечилбеген талаш жерибиз жок. Бардык чекиттер коюлуп, мамлекеттик деңгээлде чек ара аймактары макулдашылып, чечилген. Интернетке тараган видеодогу жер тилкеси боюнча айтсак жер участогу Көк-Арт дарыясынын боюндагы Кара-Дарыя айылынын эң ылдыйкы этегинде жайгашкан. Көк-Арт дарыясы аркылуу өтүүчү суунун көлөмүнө жараша бул жерди жылына суу жеп кетип турат. Акыркы жылдары сайдагы дарыянын суусу кескин азайды. Мурун суу 300 кубга чейин акса, азыркы тапта суунун көлөмү 150 кубга да жетпей калып жатат. Ошондуктан сайдын нугу Өзбекстан тарапка өтүп, дыйкандар эгин эгип жаткан жер сайдын берки бети болгон. Ошол жерде бир топ жылдан бери Кыргыз жарандары дыйканчылык кылып келет. Бирок алардын колдорунда жер аларга тиешелүү экенин укуктук жактан күбөлөндүрүүчү бир да документ жок. Аталган жер тилкеси чынында биздин элге тиешелүү үлүш жер эмес. Ал илгертеден такталган Өзбекстандын аймагы.

- Жер такталган Өзбекстанга тиешелүү деп жатасыз. Анда аларга тиешелүү экенин далилдеген документ кайсы жылга таандык?

- Анын кайсы жылы такталганын анык билбейм. Бирок бизге Кыргыз өлкөсүнүн өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинен (Госкартография) атайын адистер келип, такталган чекиттерди көрсөтүп берген. Алар көрсөткөн беш чекиттин ичинен биздин дыйкандар быйыл да эгин эгип алган жерлер бар экени белгилүү болду. Бул илгертен бери келе жаткан карталардын негизинде такталган жер. Ошондуктан биздин элибиз айыл өкмөттөн да келишим түзбөстөн, жер тилкелерин бизге таандык деп, өз алдынча эгин эгип жүрүшкөн.

Сузак районунун акими Эрмек Омошев

Мындан улам ал жерде бир да дыйканыбыздын үлүш жери жок деп айтсак болот. Баса белгилеп айтып койгум келет, бул жерде бир да жер Өзбекстанга өткөн жок. Анда такталган гана чек арага казыктар кагылды. Госкартография чек ара тилкелерине чекиттерди коюп жатканда мен баш аягына чейин ошол жерде турдум. Ал эми видеодо жарандар аким жок деп айтып жатканынан улам мен күндө ал жерге барып тура албайм да, башка толгон ишим бар. Алар барган мезгилде мен жок болуп калышым мүмкүн. Бирок түшүндүрүү иштери болуп жатканда баштан аяк ошол жакта болуп, элдин көйгөйлөрү менен иштеп жатабыз.

- Коомчулук тарабынан эгерде аталган жер Өзбекстанга тиешелүү болсо, анда алар мурун эле Кыргыз дыйкандарына жерди иштетүүгө уруксат бермек эмес деген пикирлер айтылууда. Буга кандай комментарий бересиз? Аныгында ушундай эмеспи?

- Ал жерден дарыя өтөт. Дарыя биз тарапка акканда өзбек тараптын дыйкандары иштетип жүргөн. Ал эми дарыя Өзбекстан тарапка акканда жерди биздин дыйкандар иштетип келген. Мындан улам бул маселе дарыянын агуу нугуна жараша болуп келген. Ал жер илгертен эгин эгилген талаа эмес, суунун орду болчу. Эгер суу көп аккан болсо, эмгекке карабай дыйканчылыктын баарын суу жууп кетет.

- Ошондо казык кагылды, демек жер тилкесине мындан ары жарандар ээлик кыла алышпайт?

- Ооба, кандай дарыянын нугу болбосун, ал жерде координаттар белгиленет экен. Ал координаттар боюнча алардын чек арадагы жер тилкеси такталды. Ошондуктан алар картанын негизинде жер тилкесине казык кагып, жерди мыйзамдаштырып жүргөн.

- Биз жер тилкеси аларга тиешелүү экенин тастыктаган документ кайсы жылга тиешелүү экенин билгибиз келет.

- Мамлекеттик деңгээлде комиссия болот. Ал чет мамлекеттин комиссиясынын негизинде чек ара тилкелери такталат. Ал нерсе биздин райондук администрациянын компетенциясына кирген эмес. Ошондуктан аны биз туура эмес айтып алып, жөн эле элдин башын айлантып алуубуз толук мүмкүн. Кайсы жылы такталганы тууралуу конкреттүү маалымат жок, бирок илгертен бери ал жер Өзбекстандын жери болгон.

- Жогоруда быйыл чек араны тактоо учурунда дыйкандарыбыз Өзбекстанга тиешелүү жер тилкелерине эгин эгип алганы тууралуу айттыңыз. Бул кайсы учурда такталды жана ушундай эле өзбек тараптын биз тарапка эгин эгип алган учурлары барбы же бизде эле ушундай бекен?

- Бул тууралуу билбейт экенмин, бирок бизде мындай учурлар чынында бар. Бизде чек араны тактоо боюнча жыйын чогулуштар байма-бай эле өтүп келүүдө. Быйыл Өзбекстан өз аймактарына зым тартуу ниети бар экенин билдирип, дыйкандарга эгин экпегиле деп эскертишкен болчу. Бирок ал жерде бир да адам документи жок эле бош жерлерге эгин эгип, тирилик кылып келишкен. Аныгында бул туура эмес, баарыбыз мыйзамды сакташыбыз керек. Мыйзамдын негизинде кимге айыл өкмөт тарабынан жерди айдап, эгин эгүүгө укук берилсе, анда эксе болот. Анткени жергиликтүү бийлик жер тилкеси кимге тиешлүү экенин анык билет жана тастыктама бере алат.

Урматтуу окурман, район акими Омошев жердин Өзбекстанга караштуу экенин тастыктаган документтин кайсы жылга тиешелүү экенине так жооп бере алган жок. Ал бул суроого жооп берүү район администрациясынын компетенциясында эмес дейт. Мындан улам SUPER.KG порталы тийиштүү органдардан жооп алып, бул темага дагы кайрылмакчы.

Сузактагы 150 гектар жер Өзбекстанга өтүп кеттиби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Tazah
2020-05-26 23:45:54
Окунучтуу бычака сап бир да чиновники жок атанын кору дунуйо Байаман Эркинбаев болгондо озбектердин бири да кыргыздардын жерине ээлик кыла албайт эле бизде канчалаган жакшы инсандар чыкан чекеден баш котортпой жок кылышкан не дейбиз эми биздин колдон эч нерсе келбесе....
+9
Mylatka..
2020-05-27 16:00:06
Tazah,биринчи бычакка саптууларды тазалашты эми каалагандай калчап атышат
+1
tina-Tin
2020-05-26 23:49:16
Эл чыдабай баратат. Козунорду ачкыла жеп чычарлар.
+9
Mularamov
2020-05-26 23:50:53
Биз мектепте окуп жургонубуздо кыргызстандын аймагы 199.9 км кв деп окуткан.
Азыр канча болуп калды экен ар тарабынан сатып отуруп
+7
suban78
2020-05-26 23:53:25
Эээх ичин куйот. Бир ууч акмактар биздин элди, жерди каалагандай калчап жатышат. Бир метр жер учун канчалаган баатырларыбыз курман болушкан, биздин чондор оз чонтогун ойлоп жер сатышат.
+5
bond
2020-05-27 00:01:36
Башыңа к....
+6
Zhoro
2020-05-27 00:16:29
Мен жашаган кадамжай районунда 2015 жылы коз коруноо коп эле жер отуп кетти кала берсе алардын мурдагы тоскон столбалары копко чейин турду алынбай жаны тосуп алган жерден корунуп эле турду
+5
Milduri
2020-05-27 00:48:42
Срочно Ким Чен Ынды алып келип өзүбүзгө президент кылбасак болбочудай, биздин чоңдор оозун аа деп ачып отургуча коңшу мамлекеттер ичкери карап жылып келип атышат. Ким Чен Ын чек ара маселесин тез арада чечип, коңшу мамлекеттерди титиретип коймок.
+6
AksyKum
2020-05-27 16:15:23
Milduri,элине жараша башчы.ал келседа чыгат пикетке олдук эле олдук демократия каякта калды тен укуктулук каякта калды соз эркиндиги кана деп
-2
Shakek
2020-05-27 04:56:36
Эми дарыя күнөөлүү экен да түз эле ага бербей кошунанын огородуна кирип кеткен ...
Мурда Акаев же Бакиев күнөөлүү болчу эле келишимге кол койгон
+8
Qwaszx
2020-05-27 08:41:41
Казакстан жактан суу жеп келсе чек ара дагы жылып келе берет, а Өзбекстан тарапка суу жеп кетсе чек ара кала берет экен да.
+3
turaliev
2020-05-27 08:49:33
Сороновирус кет
+6
Sultanim
2020-05-27 10:25:22
Бизде деле Бүргөндү- Шамалды-Сай ортолуктары(где то),Өзбек чек арасы тээ ылдый жакта болчу.Трассадан ылдый кеткен эгин талаа бар эле.Кыргыздын жери.Озбек мандикарлар келип,огордто иштеп акча табышчу.Азыр болсо жолдун (трассанын)этегинен эле алардын чек арасы башталат.Сразу жаап, солдаттарын коюп койгон тим эле.Корсо Кыргыздын жерлерин,өзбек жарандары сатып алып,олтуруп(огородторун) өткөзүп алышыптыр аягында.Элдер жөн эле эч нерсе кылбай,ичинен чыркырап эле олтуруп калышыптыр.
+3
Sultanim
2020-05-27 10:28:00
Каңырыгың жөн эле түтөйт.Кимди жектээринди да билбейсиң...Анткени Кыргыздын бийлигинен башка,Кыргыздын жигиттери жокпу??? Биз ишенген,таянаар-тоолорубуз,коргоочуларыбыз жокпу???
+4
Istina1000
2020-05-27 11:51:08
Sultanim,ээх тууганым, эл таянган, элди коргогонго аракет кылган адамды эле "мыйзам чегинде" кылмышкер кылып тартып кетип атышса ким чыгат белсенип. Куйуп буттук го, бул адам сымал эшектердин айынан. Ана, "Чон казатты" баштап жаткан Жапыкеевди ар тараптан кылмыш ишин козгоп, тарттыра башташты. Бул акмактар биздин улутту жок кылып бутмой болушту го. Кээде отуруп ыйлайм, чынында ыйлайм.
+6
Kim-raev
2020-05-27 14:43:13
Шайлоого Акча кылып жатышат чондорубуз Эми акчасын алып шайлап койунуздар даагы 5жылдан кийин кыргызстанды сатып жиберип кетишсин кетчуу жагына
+3
nelli
2020-05-27 15:38:24
Озу Россиянын составынале откоруп сала турган болду. Путин баарын кайтарып, наоборот кайра кайтарып алат белеее... Мынтип 120 ачкоздордун жеми болгончо, Путиндин карамагында болгон тузукпу дейм да.... Баары бир тиричилик деп Россияда эле журобуз темселеп
+2
Goodyer
2020-05-27 17:46:51
Озбектер 150 гектар жерди жон эле иштетип турсун деп бербей калды го бул жер точно сатылган. Бардык презденттердин тушунда жер сатылат даже Отунбаева дагы саткан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан