Биз социалдык тармакта

Акыйкатчы Алмазбек Атамбаев менен Каныбек Осмоналиевдин ден соолугу начар болуп жатканын айтты

Акыйкатчы Токон Мамытов кечээ, 26-майда УКМКнын тергөө изоляторуна барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы камактагылар Каныбек Осмоналиев, Дүйшөнбек Зилалиев, Албек Ибраимов, Алмазбек Атамбаев, Айбек Калиев, Сардор Абдрахманов жана Бектурсун Айталиевге жолуккан.

"Акыйкатчы менен болгон маектешүүдө Каныбек Осмоналиев ден соолугуна нааразы болуп, ооруканадан тастыкталган медициналык тастыктаманы көрсөттү. Алмазбек Атамбаев болсо кан басымы кескин түшүп, кайра көтөрүлүп жатканын айтты.

Жогоруда аты аталган адамдар тарабынан кээ бир судьяларга жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине карата жасалган мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу дооматтар айтылды. Бардык айтылган даттануулар жана кайрылуулар Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан кылдат иликтенип, андан кийин республиканын сот инстанцияларына жана мамлекеттик органдарына жазуу жүзүндө кайрылуулар даярдалат", -
деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2020-05-27 14:35:35
Картайып калганда үй төрүндө тынч неберелери менен отурса болмок.
+4
Omar.
2020-05-27 15:07:57
Миллиондорду жеп алган ууру, коррупционерлер камалса ооруп калат дагы, кайдагы бир болбогон нерсе үчүн потстава менен камалып кеткен бей-бечаралардын кан басымы көтөрүлбөйт?
+2
Alimbek1000
2020-05-27 17:11:23
Неге ушинтип иш козголсо ооруп калышат?
0
Shef87
2020-05-27 18:12:57
Топтогон байлыгынан кытайдын карызын төлөсүн да чыга берсин үйүнө
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан