Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү тууралуу мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешев ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген жаран тууралуу бардык маалыматтар камтыла турганын айтты. Ал аталган реестрдин негизинде өкмөт өзүнүн социалдык саясатын мерчемдей алышы керектигин кошумчалады.

Депутат Акылбек Жапаров демилгечиге турак жай жана коомдук имараттарды эксплуатацияга берүү боюнча техникалык регламенттерди окуп чыгууну сунуштады. Ал эми депутат Аалы Карашев мыйзам долбоорундагы чараларды тактоону жана көзөмөлдү кайсы орган жүргүзөөрүн ачык көрсөтүү керектигин айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek56
2020-05-27 13:46:32
чумолор
0
bbek
2020-05-27 16:15:39
120 крйго мумкунчулугу чектелгендердин эмне кереги бар.Алар оздорунун бизнесине пайдалуу гана мыйзамдарды колдойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан