Биз социалдык тармакта

Депутат: "Эки орусиялык канал көрсөтүлсүн деп бюджеттин эсебинен каражат бөлүп жатабыз"

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору менен 2023-жылга чейин 2 орусиялык каналга жарнак рынокко киргенге уруксат берилип жатканын айтты. "Биз бул эки каналга мультиплекстен акысыз орун бергенбиз. 2023-жылга чейинки берүүлөрү үчүн алдын-ала элдин акчасын төлөп берип жатабыз. Керек болсо, биз Кыргыз өлкөсүнүн бюджетинин эсебинен эки орусиялык канал көрсөтүлсүн деп элдин акчасын кетирип жатабыз. Алардын контентин карагыла, Соловьев отуруп алып, биздин өлкөнү шыбап жатат. Эмнеге биз өзүбүздүн каналдарга кризис учурунда жардам бербейбиз?", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Beksultan01
2020-05-27 14:59:26
Эң туура
+4
taalay25
2020-05-27 16:22:19
Толой бергиле
0
bond
2020-05-27 16:47:09
Тоок мээлер биз алардын пропагандасын көргөнүбүз үчүн алар бизге акча төлөп берүүсү керек.
+3
ika8086
2020-05-28 03:23:14
Ушинтип акча толоп,телеканал коргон кимге жаксын тоочна оорулу ушулар талкуулаганга башка тема жокпу.Чек ара масалеси чечилбей жатат,айыл жерлерде суу маселеси толуп жатат.Көпурө,жол ииииииииии айта берсе толтура бир толк жок ушу тоок мээлерде эптеп эки созду кагазга жазып алып ошону жондоп айталбай каяктагы орус каналын айтып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан