Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголгон баланы таап беришти.
27-май күнү Бишкек ШИИББинин 102 кызматына 4-кичи райондон бала жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактаган да 2014-жылы туулган бала 4-кичи районунда жоголгондугу маалым болгон.
Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан аз убакыттын ичинде 2014-жылы туулган И.А. аттуу баланы 5-кичи районунан табышып, апасына өткөрүп беришти. Апасы баласынын табылганына кубанып, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.