Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон. Суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, ысык суу бир айга токтотулат. Шаарлардагы фонтандар 1-июндан баштап иштей баштайт.