Биз социалдык тармакта

Депутат: "Коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алып, сууну бекер берип койгонубуз туура эмес"

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып жатканын айтты.

"Азыркы учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгы айтылып жатат. Бирок ошол эле мезгилде өкмөт тарабынан коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматтарды угуп жатабыз. Эгерде сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турган болсо, анда сууну сатыш керек. Эгерде аларга суу керек болсо сатып алышсын. Коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алып, сууну бекер берип койгонубуз туура эмес. Токтогул суу сактагычына канча суу кирип, канча куб суу чыкканы боюнча так маалымат берип тургула. Эл көзөмөлдөп турсун. Токтогул суу сактагычында суу аз болсо электр энергия өчөт", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Krai
2020-05-28 11:43:24
Эң туура айтыптыр суу аз болсо жапкыла Токтогул ГЭСин. Бекер бересиңер сууну кайра жиндидей болуп суудан чыккан токту сатып аласыңар акчанар көппү же
+9
Belek1710
2020-05-28 11:51:32
Эми жеттиби же шайлоо жакындадыбы?
+10
katerina.li
2020-05-28 12:02:38
Тобоо Эми эсинерге келлинерби,тобоо
+3
Munir81
2020-05-28 12:35:04
Во эн туура ой озуну жонотуш керек барып келишип Кел дер
0
Asman779
2020-05-28 12:35:13
Ай ушу колунардан келбейт го
+4
Nuri1988Elim2010
2020-05-28 14:19:16
Бир эле АЛ жер эмес, Орток бел суу сактагычы, Падыша ата суусу кыскасы түштүк аймагынан бүт эле суулар бекер эле кетип жатат, ошолорду суусу жок жашаган айылдар бар ошол жактарга чыгаргыла, анда сатып деп отуруп калбай
+4
Farra16gsin
2020-05-28 14:30:12
Туура бүт баардык суу сактагычтагы сууларды жабыш керек Таластын суу сактагычын Чүйдүкүн Токтогулду бүт жабыш керек сууну бекер берип андан чыккан токту кымбат баада сатып албай азыр мына сезон сугат сууга көрөм анан коңшулар светти сатканын бекер берип баштайт керек болсо гсмди бекер берет суу башкы байлык
+3
algakaray
2020-05-29 05:12:04
Ушу созду илгери эле айтып жонго салып койсо болот эле да. Чочуп ойгонгонсуп, талуу жерден кармап жагынуу эмеспи?
0
.turgun
2020-05-29 23:18:36
Кошулам озубуздун сууну бекер бербешибиз керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан