Биз социалдык тармакта

Өлкө боюнча малдан адамга жуккан оорулар кескин азайды

Өлкө боюнча малдан адамга жуга турган оорулар кескин түрдө азайды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов онлайн брифинг учурунда айтты.

"Өлкө боюнча малдын бардыгы вакцинациядан өтүп, жайытка кетип жатат. Ветеринардык адистердин бардыгы жер-жерлерде иш алып барып жатышат. Малдан адамга жуга турган оорулар болот.

Мисалы: Сибирь жарасы, бруцеллёз, эхинококкоз деген. Биз иттерди дарылап жаткандыктан, эхинококкоз оорусу өлкө боюнча кескин азайды. Бруцеллёз болсо 5-6 жыл мурункуга салыштырмалуу 5 эсе адамдардын арасында азайды. Себеби бул оору адамдан адамга жукпайт. Биз койлорду, уйларды активдүү түрдө вакцинациядан өткөрүп жаткандыктан, малдан адамга жуга турган оорулар өлкө боюнча кескин түрдө азайды", - деди Жумаканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asyl_Kg
2020-05-28 12:15:51
Бирок адамдан адамга жуккан ооруу абдан көбөйдү го.
+2
-BOSS-
2020-05-28 12:16:08
Адамды даарылаган доктурларга караганда мал доктурлар жакшы иштеп жатыптыр да,
Рес.штаб хотябы ушу мал доктурлардан үлгү алгылачы
+3
Akoga
2020-05-28 12:17:59
Ооба мактанасың. Сойулган малдардын этинин сапатын карачы эч бир даамы жок.кытайдын семирткен даарысын сайып жатат мал бакандар, элди ууландырып бүтүңөр. Ушул жагын көңүл койуп кара.
0
maks94.kb
2020-05-28 16:24:39
Анан ооруган кишини эле каронавирус десенер кайдан катталат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан