Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгерим Бешимбаева Военно-Антоновка, Новопавловка айылдарындагы коомдук унаа көйгөйүн көтөрдү.
Ал 100 миңден ашуун калк жашаган Военно-Антоновка, Новопавловка айылдарындагы коомдук унаа көйгөйү бар экенин айтты. Депутат коомдук унаа жүрбөй, тургундар кыйналып жатышкандарын билдирди. Бешимбаева Бишкек-Военно-Антоновка каттамын унаа базарга чейин узартып берүүнү, ушул жерге чейин троллейбус линиясын да тартууну суранды.