Жарандык активист, "Шаардагы сейил бактар" ишканасынын директору Калича Умуралиева пара алууга шектелип кармалганы маалымдалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди. Ошондой эле айрым жергиликтүү маалымат агенттиктери да бул тууралуу жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Умуралиева акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Бирок ал күнөөсүн моюнга алган эмес.
Жогорудагы маалыматтын чын-бышыгын УКМК ырастай элек. Калича Умуралиеванын өзүнөн азырынча комментарий алууга мүмкүн эмес болуп жатат.
Белгилей кетсек, жарандык активист Калича Умуралиева 2019-жылдын 27-майында "Шаардагы сейил бактар" ишканасына директор болуп дайындалган.