Биз социалдык тармакта

Жарандык активист Калича Умуралиева: "Мен үйдөмүн. Баарыңыздарга колдооңуздар үчүн рахмат!"

Бүгүн массалык маалымат каражаттарына жарандык активист, "Шаардын сейил бактары" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева пара алууга шектелип кармалды деген маалымат тараган. Маалымат чындыкка дал келбейт деп "Наше право" коомдук фондунун өкүлү Светлана Антропова Фейсбук баракчасына билдирүү таратты.
"Урматтуу достор! Эми биз баарыбыз үйдөбүз. Бизге колдоо көрсөткөнүңүздөр жана ишеним артканыңыздар үчүн рахмат! Жактоочулар Арман Кыйгыров жана Эрик Ирискулбековго профессионалдуу жардамы үчүн жана башка жардамын сунуштаган жана санаа тарткан баарыңыздарга чоң ыраазычылык!
Калича Умуралиева кармалган жок, ага карата кылмыш иши козголгон жок жана ал күбө катары түшүндүрмө берди.
Пара деп айтылган акчалар түзүлгөн келишимге ылайык "Шаардын сейил бактары" муниципалдык ишканасынын кассасына төлөнгөн. Төлөмдүн дүмүрчөгү бар.
Андыктан "урматтуу буюртмачылар", силердин идеяңар ишке ашпай калды. Калича Умуралиевага тишиңер өтпөйт", - деп жазган Светлана Антропова.
Ага улай эле Умуралиева да социалдык баракчасына кыскача билдирүү калтырды.
"Мен үйдөмүн. Баарыңыздарга ишеним артып, колдогонуңуздар үчүн рахмат! Сейил бактардагы соода-сатыктарды токтотоюн, мыйзам жолуна коёюн деген элем", - деп жазган жарандык активист.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-05-29 05:32:49
Кимисине ишенеримди билбейм мен. Азыркы бийлике толук ишенбей бартам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан