Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин төрагасы чет мамлекеттердеги мекендештерди алып келүү иштерин ыкчамдатуу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков чет мамлекеттердеги мекендештерди алып келүү иштерин ыкчамдатуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 29-майда парламенттин жыйынында билдирди.

"Иштелип чыккан алгоритмдин алкагында 10 миңден ашуун мекендешибиз өлкөгө алып келинди. Өкмөт бул жааттагы иштерди дагы ыкчам улантуу менен Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз жарандарына көңүл буруу керек. Санкт-Петербургдан бир дагы чартердик каттам уюштурулган жок. Бүгүнкү күндө аталган шаардагы 800дөй мекендешибиз үйүнө кайтууну каалап жатышкандыгын билдиришти. Алар өз каражатына авиабилеттерди алууга даяр. Андыктан өкмөт маселени чечүүнү ыкчамдатышы шарт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulya583
2020-05-29 14:06:16
Уялбай оз каражаттарына деп коет бетсиз, билеттер ото кымбат сатылып атканын билесинби озу. 2айдан бери иштешпей отуруп, асмандын баасына билет сатып алууга даяр болушууда ачка ток калгандыктан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан