Биз социалдык тармакта

"Бишкек" эркин экономикалык аймактын бюджети 4 жарым жылда 15 эсеге көтөрүлдү" дейт директор Дүйшөн Ирсаилов

"Бишкек" эркин экономикалык аймактын бюджети 4 жарым жылда 15 эсеге көтөрүлдү" деп бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында "Бишкек" эркин экономикалык аймактын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев билдирди.

"Быйыл 25-жыл болот. Акыркы 20 жылда инвестициянын келген көлөмү 1 миллиард 950 миллион сом болгон. 4 жарым жылда 2 миллиард 630 миллион сом инвестиция тартылды. 12 заманбап өндүрүш заводун ачтык.

Менин иштегениме 4 жарым жыл болду. Мен бул кызматка келгенде бюджетибиз 7 миллион сомдун тегерегинде болчу. 4 жарым жылда 15 эсе көтөрдүм. Жылыштар бар", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан