Биз социалдык тармакта

"Жыл сайын 100 миң тонна өрүк жыйналат". Баткенде өрүк бышып, сатыкка чыкты (сүрөт)

Баткенде өрүк бышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу сорту толугу менен бышкан. Багбандар өрүктүн алгачкы түшүмүн жыйнап алып, сатыкка чыгарып пайда көрүп жаткан учуру.

Белгилей кетсек, Жаңы-Жер айыл аймагы деңиз деңгээлинен 400 метр төмөн жайгашкандыктан, климаты ысык келип, мөмө-жемиш, жер-жемиштер эрте бышат.

Баткен облусунда жалпы 8 миң гектар өрүк бактары бар. Андан жыл сайын 100 миң тоннадан өрүк жыйналып алынат. Анын 20 пайызы гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда кайра иштетилсе, 80 пайызы чет мамлекеттерге экспорттолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agayu
2020-05-29 17:31:59
Бир Таджик бизнесмен үчүн бышты да .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан