29-майдан тартып өлкөнүн тоолуу аймактарында туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 29-майынан 3-июнуна чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Абанын температурасынын көтөрүлүшү менен дарыяларда суунун деңгээли жогорулайт", - деп жазылат маалыматта.