Биз социалдык тармакта

Кардиолог: "Изилдөөгө катышкан 5 миң окуучунун 22 пайызы 7 жашка чейин тамеки чегип көргөнүн айтышкан"

Кыргыз өлкөсүндө жүргүзүлгөн изилдөөгө катышкан 5 миң окуучунун ичинен 22 пайызы 7 жашка чейин тамеки чегип көргөнүн айтышкан. Мындай маалыматты бүгүн, 29-майда Кардиология жана терапия улуттук борборунун кардиологу Айчүрөк Төлебаева онлайн маалымат жыйынында билдирген.

"2019-жылы өспүрүмдөр арасында изилдөө жүргөн. Изилдөөгө 13-15 жаштагы 5 миңден ашык окуучу катышкан. Чылым чегүү тенденциясы өспүрүмдөр арасында дагы күч алууда. Учурда балдардын 2,8 пайызы электрондук тамеки жана кальян чегишет", - деген ал.

Маалым болгондой, өлкөдө бардык билим берүү мекемелеринде, балдар бакчаларынан баштап, мектеп, жогорку окуу жайларынын аймагында чылым чегүүгө тыюу салынган мыйзам бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан