Ак-Өргө конушунда адашып үйүн таппай жүргөн 2 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, кечээ, 29-майда Ленин району боюнча бөлүнгөн кызматкерлер Ак-Өргө конушунда кайгуулда жүргөн. Ошол маалда аларга жаран 2018-жылы туулган кичинекей инисин болжол менен саат 01:30 чамаларында жоготуп, издеп жүргөндүгүн кабарлаган.
Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында 2 сааттан кийин А.Д. аттуу кичинекей бала Асар жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен табылган. Баланын табылганына сүйүнүп, чоң энеси милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.