Биз социалдык тармакта

Кыргыз өкмөтү чек арада чыккан чыр боюнча үн катты

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда кечээ, 31-майда чыр чыккан. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүүнү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Окуя орун алган учурдан тарта Кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, жеринде чыңалууну жана конфликттин курчушуна алып келбөө боюнча жалпы координация жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген.

Бүгүн, 1-июнда тараптар сүйлөшүүлөрдү улантат. Жергиликтүү элге коомдук тартипти сактоого жана чек ара кызматташтыгы менен коңшулук алаканы бекемдөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тургундар конфликт болгон аймактан чыгып кетишти. Кырдаал салыштырмалуу туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
MDN
2020-06-01 00:36:45
Адам эмес эле кандай жансынар бийликтегилер. Койго да тен кел бейсинер. Койдун жунун сатсан акча этин жесен адал. Селер 120 жети баштуу желмогузсунар. Ит дейин десем итта короону коргойт итке да тен келбейсинеи курсагынар жарылайын деп жеп жатышты билесинер. Бир гана Аллах жазанарды берсин.
+34
Dani
2020-06-01 10:09:13
MDN,эн туура Аллахым жазасын берсин булардын
+8
Agayu
2020-06-01 01:36:09
Супер Инфо Кыргызстандын Озбекстандын ичинде Барак деген анклав бар эле , аларды көчүрүп Кара Сууга жэр бөлүп отурукташтырган , азыр ал жэр эмне болду ??? Ошону билип берсеңиздер жакшы болмок .
+10
bond
2020-06-01 11:23:33
Agayu, көчүргөн эмес ошол бойдон эле.
0
Rahim76
2020-06-01 13:51:00
Тихий Озбекстан алып койгон.Биздин чондор копчулугу Озбекстанда кичине Барак деген кыргыз анклав бар экенин да билбесе керек
0
Mashyrbek
2020-06-01 02:11:25
Баткен обласы чек ара бойунча бир канча чыр болду канчалан жараан жаракат алып майып болуп окдон жараат алган омур менен курошуп жаткандар бар чак ара бойунча Призиндет Окмот башчы ун катбады Баткен Кыргыз окшотуго керекби деген суроо келет
+6
Milduri
2020-06-01 06:17:09
Биздин бийлик Сохту, Ворухту өзүбүзгө алышпайбы кайра канча десе ошончо берип, мурда 49 жылга сатылган жерлер болсо керек эле, эми 1 миллиардбы же 5миллиардбы доллар берип анклавдарды өзүбүзгө алышыбыз керек. Элден ар бир жарандан акча чогултуп болсо да өзүбүзгө кайтарышыбыз керек анклав жерлерибизди же Кумтөргө ультиматум койуш керек бизге анклавдарыбызды сатып алып бергиле болбосо кеткиле деп!
+9
Nursul
2020-06-01 16:43:02
Үн катып олтура бергиле андан көрө Баткен облусунун ар бир элине курал бергиле өздөрү чечип алат. бийликтегилер оозунарды ачып олтура бергенден тажаган жоксуңарбы дагы элди коргоп мамлекетти көргөндөр ушулар имиш.
+2
Eden-Hazard
2020-06-01 19:19:55
Окмотуң сүйлөй берет, сүйлөй берет....Колунан эч нерсе келбейт.
+2
gukush00
2020-06-01 19:35:07
Ушу снайпер болуп калсам болмок экен жанагы кинодогудай жатып алыып башка мээлеп туруп атып салган. Тим эле аткыламакмында биздин депутаттарды. Э тобоо булардын уйуно кирип Бир комнатасын меники деп жатып алсан булар.коолап да чыга албаган мисал болуп атат да. Намыс кайда .
+4
faraon312
2020-06-01 23:42:35
Бийликке эрктүү башчылар келгенде бүжүрөбөй тең ата болот элек коңшуларга. Чее арада жашаган тургундарга даңк!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан