Бишкекте бүгүн, 1-июнда ысык суу берүү бир айга токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгон. Суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, ысык суу бир айга токтотулат. Шаарлардагы фонтандар 1-июндан баштап иштей баштайт.