Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьер-министр Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугат.
"Алар эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыккан чыр-чатак боюнча жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле Кубатбек Боронов укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусу менен ыкчам жыйын өткөрөт", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.